super.kg logo
  Саясат  

Турсунбек Акун: “Азиз Батукаевди эркиндикке бошотуудагы коррупциялык иштерге мен катышкан эмесмин”

 

Азиз Батукаевди эркиндикке бошотуудагы коррупциялык иштерге мен катышкан эмесмин”. Мындай билдирүүнү бүгүн, 15-апрелде маалымат жыйынында акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевди бошотуу демилгесин акыйкатчы көтөрүп чыккан эмес.  “Менин позициям туруктуу, мен укук коргоо кызматкерлериндей болуп актанбайм. Мен оорулуу кылмышкерлер боюнча мониторинг жүргүзүп турам. Батукаевдин ден соолугу начарлап кеткенде 3 жыл мурун кайрылгам. Ошондой эле башка оорулуулар боюнча да кайрылуу жасагам”,- деди ал. Ошондой эле Турсунбек Акун эгерде бул иште коррупция бар болсо, ал бул иштерге аралашпаганын билдирди. “Мен Батукаев “мыйзамдагы ууру” болгондуктан, кайрылган жерим жок, анын оорусу боюнча кайрылдым. Бул менин жумушум”,- деди акыйкатчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: