Конгодо оппозиция өкүлдөрү менен укук коргоо органдарынын кагылышында 50дөн ашуун адам каза болду




Конго Демократиялык Республикасында оппозиция өкүлдөрү менен укук коргоо органдарынын кагылышында 50дөн ашуун адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 19-сентябрь күнү каршылык акциясына чыккандарга көздөн жаш агызуучу газ колдонулган. Акциянын катышуучулары өлкөнүн азыркы президенти Жозеф Кабилге нааразычылык билдирип чыгышкан. Алар президентти "бийликти сактап калуу үчүн аракет жасап жатат" деп айыпташууда. "Жозеф Кабил Конституцияны өзгөртүп, кийинки мөөнөткө калышы мүмкүн" деген нааразычылыктар менен оппозиция көчөгө чыккан.
Эскерте кетсек, аталган өлкөдө президенттик шайлоо ноябрь айына белгиленген. Өлкө башчысынын кызматына негизги талапкер катары 2001-жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан азыркы президент аталып келет. Ал эми ага каршы талапкер Моиз Катумби президенттик такты талашууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Artyr1994

20.09.2016. 09:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бизден уйпонуп алышты да
Arti

20.09.2016. 10:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сасык саясаттын арты да. Бизде тын эле болсо экен(
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.