Өлкө башчыны "чүпүрөк" деп жана милиция кызматкерлерин кемсинткен жаран кечирим сурады

Бүгүн, 20-сентябрда Свердлов райондук сотунда өлкө башчыны "чүпүрөк" деп жана милиция кызматкерлерин кемсинткен жарандын иши каралууда.
Айыпталуучу Расул Алимов залга алынып келинип, судья тарабынан суракка алынды. Сурак учурунда анын орто билимдүү экени жана ажырашып кеткени белгилүү болду.
"Мен кемсинткен өлкө башчыдан жана милиция кызматкерлеринен кечирим сурайм. Мен жаш бала эмесмин, андай кылбашым керек болчу. Өз оюмду айтып жатканда эмне деп жатканымды билбей калгам", - деди Алимов.
Айта кетсек, 11-августта интернетте Р.Алимов орус улутундагы аял менен кайым айтышып, "үйдү бошоткула" деп айтып жаткандыгы тууралуу видео тараган. Улгайган аялга кыйкырынып сүйлөгөн жаран өлкө башчыны "чүпүрөк" деп кемсинтип, ошондой эле милиция кызматкерлери жөнүндө да терс пикирин айткан. 43 жаштагы Алимовго карата "бейбаштык" беренесинин 2-бөлүгү (жаш балдарды, кары-картаңдарды, майыпты же алсыз абалда болгон адамды мазактоо менен коштолгондо) боюнча кылмыш иши козголгон болчу.
Өлкө башчыны "чүпүрөк" деп кемсинткен жаран кечирим сурады

Антип айтыш