super.kg logo

Октябрь айында Бишкекте Москвадагы өрттөн каза болгондордун элесине арналып жазы жалбырактуу дарактар отургузулат

 

Бишкекте Москвадагы өрттөн каза тапкан кыргыз жарандарынын элесине арналып жазы жалбырактуу дарактар отургузулат. 18 жазы жалбырактуу көчөттөр Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде орун алмакчы.

Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, мэр Албек Ибраимов активисттердин социалдык тармактарда көтөрүп чыккан идеясын колдоого алып, көчөт отургузуу тапшырмасын берген. Бүгүн, 20-сентябрда вице-мэр Эркинбек Исаков менен Ленин районунун акими Нурдин Тынаев идеянын авторлору Нурия Чойбаева жана Нуриля Чекирова менен жолугушту. Көчөттөрдү отургузуу 22-октябрга пландалды. Каражат мэриянын бюджетинен каралат.

Эскерте кетсек, 27-август күнү Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыгып, анын кесепетинен 17 адам каза тапкан. Алардын 14ү Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болушкан. Мындан улам басмакананын башкы директору Сергей Москвин жана ишкананын башкы инженери Антон Яцковго “өрт коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Сергей Москвин күнөөсүн мойнуна алып, укук коргоо органдарына өзү келген. Москва шаарынын Останкинский райондук соту аны 2 айга камакка алуу боюнча чечим чыгарган. Бул убакыт аралыгында тергөө иштери жүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: