Кой-Таштын тургундары “Атамбаев үй салып жаткан жер Бакиевдердики экенин билген эмеспиз” дешет
Кечээ, 19-сентябрда Ак үйдүн жанында митингге чыккан Кой-Таш айылынын 50 чакты тургуну Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен жолугушууга келген. Митингчилер андан А.Атамбаевдин хан сарайы тууралуу жашыруун маалыматты берген адамдардын аттарын айтууну талап кылып, жыйынтыгында жергиликтүү тургундар менен депутаттын ортосунда кайым айтыш жаралган эле. Кой-Таштын тургундары Текебаевден буга чейин айтылып келген маалыматтардын чын-бышыгын аныктоону, ага карата далилди талап кылышкан. Тургундар “биз айтпаган маалыматты айтты деп Текебаев элди жаманатты кылып жатат” деген пикирде. Бул митингден кийин алар маалымат жыйынын өткөрүшкөн. Анда Кой-Таш айылынын тургуну Кыяз Смалиев: “Чынын айтыш керек, бул жер (ред. Атамбаев хан сарай салып жаткан жер) "Зеленхоздун" жери экен, азыр угуп жатабыз. Ушул эле жерди буга чейин Бакиев алган, анан Данияр Үсөнов алган деп бүгүн угуп жатабыз”, - деген пикирин билдирди.
Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин хан сарайы Кой-Таш айылында салынып жатат. 19-сентябрдагы маалымат жыйынында Ө.Текебаев Атамбаевдин жердештери андан хан сарай тууралуу жашыруун маалыматты берген адамдардын аттарын айтууну талап кылышканын билдирген.
Атамбаевдин үйүнүн жер тилкеси Бакиевге тийиштүү экенин айыл тургундары эми билишти


