super.kg logo
  Саясат  

Камакка алынган депутаттарга маяна төлөөнү токтотуу демилгеси экинчи окууда жактырылды

 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитетинде камакка алынган депутаттардын эмгек акысын төлөп берүүнү токтотууга багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Аида Салянова, Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашева. Жыйын учурунда депутат Чолпон Султанбекова демилгечи депутаттар жыйында жок болгондуктан, демилгени артка кайтарууну сунуштады. "Мыйзам долбоорун сунуштап жаткандан кийин бул жерге келип, жооп берүү керек да. Өздөрү кызыкдар болбосо, эмне үчүн биз карап беришибиз керек? Экинчи окууда каралып жаткандыктан, суроолор пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан артка кайтарууну сунуштайм", - деди Султанбекова.

Депутат Исхак Масалиев мыйзам долбоору экинчи окууга келгенде комитет төрагасы баяндама жасап, суроолорго жооп берүүсү керектигин айтты. "Ошондуктан сөзсүз эле демилгечилердин болушунун зарылчылыгы жок. Карап чыксак болот", - деди ал.

Мыйзам долбоору боюнча сунуштар болбогондуктан, комитет экинчи окууда жактырды.

Эске салсак, буга чейин камакка алынган депутаттар маянасын алууну уланткан учурлар болгон. Эгер камакка алынган депутат акталып чыкса, анда эмгек акысы толугу менен төлөнүп берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: