super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз мамлекети менен Иран соттолгон адамдары өткөрүп берүү чараларын макулдашууда

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Ирандын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Макулдашууга 2015-жылдын 5-сентябрында Тегеран шаарында кол коюлган.

Макулдашуу эки мамлекеттин кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташтыгын андан ары чыңдоо максатында жалпы кабыл алынган эл аралык принциптерине ылайык келип, суверенитет жана тең укуктуулук менен өз ара пайда көрүү принциптерин сактайт. Андан тышкары колдонуудагы улуттук жана эл аралык мыйзамдардын ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча бул макулдашуунун ченемдери колдонуудагы КРнын ченемдик-укук актыларына каршы келбейт.

Макулдашуу соттолгон адамдарды өз ара өткөрүп берүү, жазаны мындан ары өтөө үчүн эркинен ажыратуу маселелери боюнча кызматташууга мүмкүндүк берет. Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда келип чыккан бардык пикир келишпестиктер кеңешүү жана сүйлөшүү жолу менен чечилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: