Атамбаевди эс-учу жок абалда "Тез жардам" кызматы алып кеткен видео интернетке чыкты
Түркиядагы Ататүрк атындагы аэропорттон президент Алмазбек Атамбаевди эс-учу жок абалда "Тез жардам" кызматы алып кеткен видеону "Хаберлер" маалымат агенттиги интернетке чыгарды.
Айта кетсек, кечээ, 19-сентябрда кечинде президенттик аппараттын басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин жүрөк оорусу кармап, Түркияда ооруканага жаткырылганын кабарлаган. Мындан улам президент Нью-Йоркто өтчү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясына катышпай тургандыгы кабарланган. Мындан тышкары бүгүндөн баштап Алмазбек Атамбаев эмгек өргүүсүнө чыкканы маалымдалган.
А.Атамбаевди эс-учу жок абалда "Тез жардам" кызматы алып кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
16:11
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















