super.kg logo

КИНОЗАЛ: Эксклюзив! "Миң бир түн" тасмасын жарыкка чыгарсам, экинчи кино тартпайм дегем" дейт режиссёр Дастанбек Токтоназаров

 

Бүгүн, 20-сентябрда SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү Дастанбек Токтоназаров режиссёрлук кылган "Миң бир түн" мелодрамасы менен толукталды. Анда актёр-актрисалар Нуржаасын Жумагулов, Клара Калыбекова, Үсөнбөй Тайир уулу роль жаратышкан.

Тасманын режиссёру Дастанбек Токтоназаров буларга токтолду:

"Бул менин дебюттук тасмам. Алгачкы тасма болгондуктан, кемчиликтери болбой койгон жок. Азыр кайра көрүп отуруп, бул жерин башкача тартсам болмок экен деп калам. Ошентсе да көрүүчүлөр абдан жылуу кабыл алышып, пикирлерин айтып жатышты. Чынында, мындай жакшы жыйынтыктарга ээ болобуз деп күткөн эмесмин. Албетте, сындар да айтылды. Мен бардык сын-пикирлерди түшүнүү менен кабыл алып, алардын үстүнөн иштөөгө аракет кылам.

Тартуу учурунда көпчүлүк менен иштешүү кыйынчылыктарды жаратат эмеспи, андыктан ушул тасманы жарыкка чыгарсам, экинчи кино тартпайм деген элем. Жаш актёр-актрисалар менен иштешүү оңой эмес экен, образга кирип аткаруусун талап кылып, көп убактыбызды ушуга коротуп жаттык. Кээде ушунчалык чарчап, кыжырданган күндөр да болду. Тасма элге таасир берип, "башкаларга салыштырмалуу жакшы тартылган" деген сөздөрдү уккан соң кайра тасма тартууга киришейин деп жатам".

"Миң бир түн" тасмасын бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
20.09.2016. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атын башкача койбоптур
20.09.2016. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул дагы кинобу.
20.09.2016. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башка эле иш кылчы кино тартпай эле койчу чын доске таарынба
21.09.2016. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тартпай эле койбоптур, актерлор да камерадан уялып калганы билинип калыптыр, кыскасы ото начар, 20 мунот коруп эле очуруп салдым...
21.09.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимге кандай билбедим бирок мага аябай жакты
22.09.2016. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буткон ишке сынчы коп.Сюжеттер толук бутпой эле,жаны эпизоддор баштала бериптир." Коро,коро косом болот" дегендей,келечек тарбиялап алаар..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: