Бишкектеги Күрөңкеев жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде контейнер күйүп жатат

Бишкектеги Күрөңкеев жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде контейнер күйүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат бүгүн саат 16:45 чамасында келип түшкөн.
“Учурда өрт болгон жерде эки өрт өчүрүүчү унаа жүрөт. Өчүрүү иштери жүрүп жатат. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.