super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 21-СЕНТЯБРЬ: Эл артисти Жамал Сейдакматова 78 жашка толду

 

Кыргыз ССРинин Эл артисти Жамал Сейдакматова 1938-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында туулган. Москвадагы Полиграфия институтунун 3-курсун бүтүрүп, 1959-жылы Кыргыз академиялык драма театрына артист болуп кирген. Театрда иштеген 30 жылдык өмүрүндө чет элдик, орус, кыргыз классикалык драмаларында башкы ролдорду аткарган. Шамшиев, Океев, Базаров, Убукеев тарткан кинофильмдерде ролдорду аткарган. 1990-жылы "Туңгуч" жаштар театрын ачкан.

Жамал Сейдакматова Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси, Эл аралык "Руханият", Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгы болгон "Алтын дипломду" жеңип алган. Египет, Колумбия, Германияда өткөн эл аралык фестивалдарга катышкан. Бүткүл дүйнөдөгү түрк тилиндеги өлкөлөрдүн Башкортостанда (Уфа) өткөн эл аралык фестивалда баш байгени жеңип алган.

21-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: