Өткөн суткада өлкө аймагында 22 өрт кырсыгы катталды

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкекте 5, Чүй облусунда 8, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1, Жалал-Абадда 3, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Кадамжай районундагы Масалиев айыл аймагында өрт кырсыгы катталды. Анда Валакыш айылындагы турак жайлардын биринин 64 чарчы метр жыгач шыбы, эшик, терезе, төшөнчүлөр, жумшак эмерек жана үй оокаттары күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.