super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракеси белгиленди

 
Коомдук ишмердин өмүрүн чагылдырган көргөзмөнүн ачылыш аземи
Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев көргөзмөгө коюлган материалдар менен таанышууда
Көргөзмө менен таанышуу учурунда
А.Масалиевди эскерүү иш-чарасына анын жакын туугандары, замандаштары катышты

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы драма театрында 13-апрелде белгилүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракеси белгиленди. Мааракеге вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Абсамат Масалиевдин жакын туугандары, замандаштары, комсомолдук, партиялык кызматтарда иштеген жетекчилер, эмгек ардагерлери, райондук, облустук жана шаардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана башкалар катышты. Маараке мамлекеттик ишмердин басып өткөн жолу тууралуу даректүү тасма көрсөтүү менен башталып, андан соң өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Асанакунов доклад жасады. А.Масалиевди эскерген көптөгөн сөздөр айтылды. Ошондой эле эскерүү иш-чарасы чакан концерттик программа, көргөзмө менен коштолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: