super.kg logo

Пан Ги Мун: "Дүйнөдө 130 миллион адам жашоого керектүү азыктарга муктаж"

 

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун Генералдык ассамблеянын 71-жыйынында дипломатиялык маданиятты четке кагып, мамлекеттердин бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк көйгөйлөрдү чече албагандыгын кескин сынга алды.

Жарандар жана алардын лидерлеринин ортосунда абдан чоң ажырым бар. Экстремисттер адамдарды “өзүбүздүкү” жана “чоочундар” деп бөлүүгө жетишти. Адамзат кооптуу абалда калууда. Дүйнө боюнча 130 миллион адам жашоого керектүү азыктарга муктаж, алардын көбү жаш балдар жана өспүрүмдөр. Бул келечегибиз кооптуу абалда экенин кабарлайт”, - деди Пан Ги Мун.

Ошондой эле башкы катчы мамлекеттерде болуп жаткан апааттарга өздөрү кол кабыш кылып жатканын сынга алып, жакында катталган гуманитардык жардам кербенине болгон кол салууну “адамзаттын пастыгынын жеткен чеги” деп баалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: