Баткен окуясынын катышуучулары өздөрүнө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууну талап кылышууда
Баткен окуясынын катышуучулары бүгүн, 15-апрелде Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар өздөрүнө мамлекет тараптан аз көңүл бурулуп жатканына нааразы. “Мамлекет бизге салыштырмалуу Чернобыль кырсыгынын катышуучуларына жана 7-Апрель революциясынан жабыр тарткандарга көңүл буруп, камкордук кылууда. Алар ага татыктуу, бирок бизди унутуп калгандары калыс эмес”,- деди Баткендеги жоокерлер кеңешинин төрагасы Сатыбек Молдалиев. Маалыматка ылайык, Баткендик жоокерлерге өкмөт тараптан атайын жеңилдиктерди берүү 1999-жылдын ноябрь айында киргизилген. Бирок 2000-жылдын январь айында токтотулуп калган. “Аскер кызматы жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүп, бизге жеңилдиктерди берүүнү сурайбыз. Биз медициналык тейлөөдөн, курорттук дарылануудан акысыз өткөнгө жана электр энергиясы үчүн акча төлөөдө, отун сатып алууда арзандатуу менен алууга акыбыз бар”,- дейт “Баткен жоокерлери” коомунун Чүй облусундагы төрагасы Улан Орозалиев.

