super.kg logo

"Манас" эпосун окуп, маанисин терең түшүнсө, азыркыдай чыр чыгарган саясатчылар болбойт эле" дейт жазуучу Бексултан Жакиев

 

Бүгүн, 21-сентябрда “Манас” эпосун комикс жанрында орус тилинде чыгаруунун үстүндө иш алып барышкандар маалымат жыйын өткөрүштү. Алардын айтымында, жаштар сүрөттөр аркылуу чыгарманын 90 пайызын эстеп калышса, окуган текстинин 20 пайызын эстеп калышат. Андыктан Кыргыз өлкөсүндөгү жана чет өлкөдөгү орус тилдүү окурмандарды кыргыз элинин улуу эпосу менен кенен тааныштыруу, жаштар арасында жайылтуу максатында китеп орус тилинде 2 миң нуска менен жарык көргөн.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Бексултан Жакиев: "Кыскартылган дегенде чыгарманын айрым бир эпизоддору алынып салынат. Ал эми кысылган дегенде эч бир эпизоддор кыскартылбайт, тескерисинче, узун тексттердин маани-маңызы калтырылып берилет. Алсак, "Манастагы" бир окуя 41 бетте баяндалат. Ал эми бул китепте ошол эле окуя 4 бетке түшүрүлгөн. "Манас" эпосун окуп, философиялык маанисин, идеологиясын терең түшүнсө, азыркыдай майдачыл адамдар, бири-бирин жоготуу аракетин көрүп жаткан, чыр чыгарган саясатчылар болбойт эле. Канчалык бири-бирин жек көрбөсүн, бирок өздөрүндөгү бийик духту түшүрүшмөк эмес, эч качан кыргыз элине зыян келтире турган иштерди жасашмак эмес", - дейт.

“Манас” темасы сүрөтчүлөр үчүн эң оор тема. Баары эле батынып бул чыгарма тууралуу тарта беришпейт. Буга чейин эле “Манас” эпосу тууралуу чыгарма жазып жүргөндүктөн, китептин сүрөттөрүн тартып калдым. Анда кыргыздын чыныгы жашоосу, тарыхы, маданияты, үрп-адаты чагылдырылат", - дейт сүрөтчү Замир Илипов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
21.09.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
о кокуй ой, Акылдууларыбыз көбөйгөндөн эле көбөйүп келетат.
21.09.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Mers124, Сиз Бексултан Жакиевдин созуно комментарий берип жатасызбы? Ушундай залкар адамга ээ???
Сиз ото акылдуусуз же тескерисинче))
21.09.2016. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Китеп сатуунун айласы менен убара.
21.09.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Манасты окуганды коюп кыргызча сүйлөөгө аракет кылышып, жыйындарды, иш кагаздарды таза кыргызчага өткөрүп, кыргызча дем алып, кыргызча ойлонсок эле Манасты өздөрү таап окушмак. Бүгүн жалаң кыргыздар катышкан бир жыйын болду бырбырдан келген "чоң" тек орусча сүйлөп орусча өткөрдү. Анан кайдагы Манас анан кайдагы чыгарма окулат кокуй күн!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: