Турусбеков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп алды

Бишкектеги Турусбеков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда окуянын күбөсү SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы саат 12:50 чамасында болгон.
"Жабырлануучу - аял киши. Аны B8476AY номурлуу Тойота үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жаткан айдоочу сүзүп алды. Айдоочуда унаага жана өзүнө тиешелүү бир дагы документ жок экен. Учурда жабырлануучуну ооруканага алып кетишти", - деди окуянын күбөсү.
Турусбеков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Ансызда жылына дуйнодо миллиондогон адам коз жумат.
мен ошол учурда кубо болуп калдым. Тиги кызга звонок келип калган. Анан жигит алып берип телефон менен суйлоштуруп жаткан.