Депутаттар Башкы прокуратурага нааразы болуп, парламенттин аброю төмөндөп кеткенин айтышууда
ЖКда Курмантай Абдиев Башкы прокуратурага нааразычылыгын билдирди. "Ар кандай иштин чеги болуш керек да. Абактагы 3 депутаттын абалын ар кимибиз колдон келишинче түшүнүүгө аракет кылып жатабыз. Биз Башкы прокуратурага кат жолдогонбуз, ишти адилеттүү иликтеп берсеңиз деп. Жаңы эле жооп келиптир, "сиздердин катты кылмыш ишине тиркедик" деп орун басары кол коюптур. Биз ал катта жаңы нерсени ачкан эмеспиз, болгону, иштин калыс каралышын өтүнгөнбүз. Ал катка жооп кылып, биринчи прокурор өзү кол коюш керек болчу, парламенттин аброю болуш керек да. Бул иш боюнча сөзсүз бир комиссия түзүш керек",- деди депутат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

