Өкмөт башчы: "Жоопкерчилик айдоочунун өзүндө болуш керек. Кырсыктарга өкмөттү күнөөлөбөгүлө"
Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жол кырсыктарынын 74 пайызы айдоочулардын шалаакылыгынан, калган бөлүгү жөө адамдардын айынан жана унаа техникаларын туура эмес пайдалануудан улам болуп жатканын айтты. Анын билдиришинче, ири жол кырсыктары Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт унаа жолдорунда болот.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жол кырсыктарына айдоочулар өздөрү күнөөлүү экенин белгиледи. "Күнөөнү мамлекетке койгонго болбойт, жоопкерчилик, биринчиден, айдоочулардын өздөрүндө болушу керек. Өздөрүн жана жанындагы жүргүнчүлөрдү ойлоп, абайлап айдашы керек да", - деди.
Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров кырсыктарга унаа жолдорундагы жол белгилери, жөө адамдар өтүүчү бөлүктөрдүн өчүп калуусу түрткү болуп жатканын белгилесе, депутат Дастан Жумабеков жолдордун жыртык-тешиктери кырсыкка себепчи болуп жатканын мисал кылды.


Бирок Төрөбай Зулпукаровтунда айтканы туура.
Бирок, ЖОЛ БЕЛГИЧИ дегенди даана, корунуктуу койсо?! Дпстер бекинип чыга калгандай, жол белгилерида анча корунуктуу эмес…
Ош бишкек жолунда болсо ири бурулуштарда жол белгисин 100 метр бери эле коюп койсо биринчи жолу чыккандар коруп акырындап бурулмак, жол белги бурулуштун тубундо биринчи бараткан айдоочу катуу баратып токтой албай встречный чыгып калышат.