super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Кайрылбайм" клибин тартууда асфальт жылтырап көрүнүш үчүн улам суу чачып турушкан" дейт Айгерим Расул кызы

 

Ырчы Айгерим Расул кызынын "Кайрылбайм" аттуу ырынын клиби 2013-жылы тартылган. Клипте ырчы өзү жана Кайнар аттуу жигит башкы ролду ойноп, “Береке” бийчилер тобунун кыздары коштоп турушкан.

Клипте сексуалдуу милиция кызматкеринин образын жараткан ырчы тартуу учуру тууралуу буларга токтолду: "Бийлеп жаткан учурда асфальт жылтырап көрүнүш үчүн кайра-кайра суу чачып турушкан. Анан формачан, шиш такачан бийлөө бир аз ыңгайсыздык жараткан, бирок ага карабай тартууну улантканбыз. Анан да милиция кызматкерлеринин формасын таап, окшоштуруу кыйын болгон. "Береке" бий ансамблинин жетекчиси Айнура бийлегенибизди көзөмөлдөп турган".

Ошондой эле ырдын сөзү Атантай Акбаровго, обону Нуралы Атамкулов менен Ислам Сатаровго таандык экенин ырчы кошумчалады. Ал эми клипти Эламан Акбаев аттуу режиссёр тарткан.

Айгерим Расул кызынын “Кайрылбайм” ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: