super.kg logo

Брэд Питтин мурунку аялы, актриса Женнифер Энистон: "Жашоо - бумеранг. Бул Жолинин тагдыры"

 

Белгилүү актёр-актриса Брэд Питт менен Анжелина Жолинин ажырашып жатканы алардын күйөрмандарын, жакындарын гана эмес, дүйнөлүк жылдыздарды да капаланткан. Алсак, Питтин жакын досторунун бири, актёр Жорж Клуни: "Мен бул тууралуу билген эмесмин. Кабарды биринчи жолу угуп жатам. Кейиштүү окуя жана үй-бүлө үчүн бул чоӊ бактысыздык", - деп билдирген.

Түгөйлөрдүн жакын досторунун бири, актёр Жорж Клуни

Белгилүү ырчы Адель да түгөйлөрдүн ажырашуусуна өз оюн билдирип, "алардын ажырашуусу - доордун бүткөнү" деп "2 Hours of Misery" аттуу концертинде сахнага чыгып, концертин Жоли менен Питтке арнаганын айткан.

Брэд Питт, Анжелина Жоли жана ырчы Адель

Ал эми Брэд Питтин мурунку аялы, актриса Женнифер Энистон "Us Weekly" басылмасына "Жашоо - бумеранг. Бул Жолинин тагдыры" деген кыска жооп узаткан. Маалыматта: "Энистон Брэд Питтке ар дайым бакыт каалап келгенин, түгөйлөрдүн ажырашуусун каалабаганын билдирген. Жолинин мүнөзү оор, ал эми Питт жөнөкөй жигит. Андыктан бир күнү сүйүү романы ажырашуу менен аяктаарын актриса билген", - деп айтылат. Бул сөздөр бир кезде Жоли да бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуп тийгени, бирөөнүн бактысынан бакыт кура албаганы кыйыр мааниде айтылганын кошумчалаган басылма.

Брэд Питт мурунку жубайы, актриса Женнифер Энистон менен 5 жыл чогуу жашаган

Ал эми Жолинин атасы актёр Жон Войт: "Анжелинанын мындай чечим кабыл алганына караганда олуттуу бир нерсе болсо керек. Бул абдан кайгылуу нерсе. Энжи (Анжелина) жана балдар үчүн кыжалат болуп турам. Эми жакшы тилек кылгандан башка айлабыз жок. Алар менен жакын арада көрүшөм деп ниет кылам", - деп билдирген.

Анжелина Жолинин атасы Жон Войт

Чет элдик басылмалар "ажырашууга Жолинин Брэд Питти ашыкча кызганганы себеп болгон" деп жазышууда. "Актёр тасма аянтында актриса Марион Котийяр менен сүйүү мамилесинде болгон, андыктан Жоли ушул кадамга барды. Анан да акыркы кезде Питт алкоголдук ичимдиктерди көп иччү болгон жана жакында башка жаӊы "мистер жана миссис Смит" биримдиги куралат" деген кептер айтылууда.

Ал эми 40 жаштагы актриса Марион Котийяр алардын ажырашуусуна эч кандай тиешеси жоктугун, окуя тууралуу угуп жаман абалга түшкөнүн жана сүйүктүү жолдошу бар экенин айткан.

Питт менен Жолинин ажырашуусуна күнөөлүү делген актриса Марион Котийяр

Белгилей кетсек, буга чейин бир нече жолу түгөйлөр ажырашып жаткандыгы тууралуу маалыматтар чет элдик басылмаларда байма-бай айтылып келген. Ушак кептерге көнүп калган түгөйлөр ар убак аларда баары жакшы экенин далилдеп, чогуу тасмага тартылып, үй-бүлө мүчөлөрү менен эс алып жактан сүрөттөрүн басылмаларга берип турушкан. Бирок 20-сентябрда Жолинин адвокаты Роберт Оффер: "19-сентябрь күнү актриса никени жокко чыгаруу тууралуу арызын берди. Мындай чечим "үй-бүлөнүн саламаттыгы" үчүн деп кабыл алынган. Ал болуп жаткан окуялар тууралуу маалымат бербейт жана кыйын учурда башка бирөөнүн жеке жашоосун сыйлоону суранат", - деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(7)
22.09.2016. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кааа!!!
22.09.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бул дуйнодо адам эмес чымчыктын да уйу бузулбаса экен!
22.09.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ар дайым ар нерсеге даяр болуш керек.
22.09.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Булар актёр жана актриса. Кинодо оз ролдорун мыкты аткарышат,бирок жашоодо оз ролдорун татыктуу ойной алышпайт. Демек актёр болуу оной экен да,адам болуу,эн чон байлык-уй-булону бекем кармоо кыйын тура. Таба эмес тообо...
23.09.2016. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALATOOLUK.JIGIT,Азамат пикирин эн сонун
22.09.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Бир аз жетпеген жашоо, ширин болот"деп бироо айтты эле. Ошол чын окшойт. Анткени баардыгы жетишип турса, ошондон да тажайт адам баласы.
22.09.2016. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин суйуктуу актер актрисам. Булардын кинолорун кутуп корот элем. Сабыр.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: