super.kg logo
  Саясат  

5 жылдан бери Швецияда жашап жаткан Кадыржан Батыровго Жогорку Кеңеш саясий баа берет

 

Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы жыйынында депутаттар Кыргыз мамлекетинен чыгып кеткен Кадыржан Батыровдун 20-сентябрда Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун жыйынында сүйлөгөн сөзү боюнча маселе көтөрүштү. Депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеңешти Батыровго саясий баа берүүгө чакырды. "Мамлекетке ири зыян алып келген Батыровдун ЕККУнун жыйынында сүйлөгөнүн баарыңыздар көрдүңүздөр болуш керек. Ал бизге баа бергидей ким болуп калды? Биз мамлекетпизби же кимбиз? Ошондуктан саясий баа берүүбүз керек", - деди Тиллаев.

Анын мындай сунушун колдоого алган башка депутаттар бүгүн тийиштүү комитет карап, Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгууну сунушташты.

Батыров ЕККУнун жыйынында өзү 5 жылдан бери Швецияда жашап жатканын айтып, Конституция боюнча өз баасын берген.

Эскерте кетсек, Кадыржан Батыровго "2010-жылдагы Ош окуясын уюштурууга катыштыгы бар" деген айып тагылып, сыртынан соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: