super.kg logo
  Саясат  

Чолпон Султанбекова: "Согуш болбосо, аскерлерибиз эмнеге өлүп жатышат?"

 

Депутат Чолпон Султанбекова Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы жыйынында аскерде кызмат өтөп жүрүп каза болуп жаткан аскерлер боюнча маселеге токтолду. Депутаттын маселени көтөрүүгө 6-сентябрда Ош шаарындагы №051525-аскердик бөлүктөгү мушташтан каза болгон Эламан Таштанбек уулунун өлүмү боюнча ата-энесинин арыздануусу түрткү болуптур.

"Туугандары баланы 2-3 аскер сабап өлтүрүшкөнүн айтышууда. Эламандын өлүмү бул аскердик бөлүктө 71-экен. Учурда бардык иш боюнча соттук иштер бүтпөй жатыптыр. Балдарды аскерге жиберүү керек деп айтабыз, бирок ушундай маселелер болуп жатса, кайсы ата-эне баласын кызмат кылууга жиберсин? Бул маселе аябай орчундуу болгондуктан, Коргоо кеңеши менен өкмөт башчы өзү баш болуп көңүл бурушсун. Бир эле бөлүктө 71 баланын өлгөнү эмне? Же бизде согуш болбосо, эмнеге аскерлерибиз өлүп жатат? Ошондуктан төраганын орун басары Нурбек Карыевич, бул маселе боюнча тийиштүү комитетке сунуш бериңиз, маселени талдап чыксын", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: