super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Жигиттер" ырынын клибине кара терилүү жигит кокусунан тартылып калган" дейт Өктөм Сапар уулу

 

Өктөм Сапар уулунун "Жигиттер" ырынын клиби "Медиа-портал" бөлүмүндөгү позитивдүү клиптердин катарын толуктайт. Чыгарма "Тамашоу" долбоорунун "No name" командасындагы оюнчулар Мурат Жалиев, Кадыр Жарматов менен биргеликте аткарылган. Өктөм Сапар уулу клип Ош шаарында тартылып, жергиликтүү тургундар тартуу учурунда колдоосун аябаганын айтат.

"Клип Ош шаарында тартылган. Аталган шаар Бишкекке салыштырмалуу кичинекей болгондуктан, эч ким клип тартпаган жайларды көпкө издедик. Клиптин идеясы боюнча "тамашоучу" жигиттер чихуахуа породасындагы күчүктөрдү колдоруна кармап алып ырдашы керек болчу. Андай күчүктөрдү таппай, бирөө менде бар дегенинен алдырсак, чоң эле ит экен. Аны колдоруна алып бийлеген сайын тиги ит бышылдап калып жатты", - дейт Ө.Сапар уулу.

Ал эми клиптеги кара терилүү жигит кокусунан тартылып калганын айтат.

"Оштогу эс алуучу жайлардын бирине кирсек, кара терилүү жигит ошол жерде бийчи болуп иштейт экен. Анан аны кошуп тартып койгонбуз. Тартуу учурунда Ош шаарынын жашоочулары бизге колдоо көрсөтүп, колдорунан келген жардамдарын берип жатышты", - деп билдирди ырчы.

Өктөм Сапар уулу "Жигиттер" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.09.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Октом красавчик
22.09.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакпайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: