super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Айлык акымдын көбү косметикалык каражаттарга кетет"

 

SUPER.KG "Суперстан" бөлүмүндө "Акчаңды кайда жумшайсың?" деген тема кызуу талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Мен айлык акымды аларым менен эле дем алыш күндү күтөм. Анан жекшемби күнү эрте туруп, үйдөгү иштеримди бүтүрүп, эч нерсеге карабай базарга жөнөйм. Негизи, менин ар бир айлыктан жок дегенде кызым экөөбүзгө бирден жаңы кийим алыш керек деген адатым бар. Иши кылса бир жума кыйын болуп жүрөм да, анан кичине үнөмдөй баштайм".

"Айлык акымдын көбү косметикалык каражаттарга кетет. Калганын кийимге, жол киреге жумшайм, ашканы апамдын чөнтөгүнө кетет".

"Менин айлыгым жолго, тамак-ашка, анан карыздарга кетет. Кээде анча-мынча достор менен эс алганга да жеткизем".

"Айлык акы тийгиче карыз толот. Акчамдын 30 пайызын карызга төгүп берем. Баламдын таттуусуна, кийим-кечесине 30 пайызы кетет. Калганы инимдин контрагына чогулат, ашып калса апамдын чөнтөгүнө кетет. Ошентип, мага эч нерсе ашпай калат экен. Ушуга жетип турганына шүгүр дейм".

"Мен мектепте окуп жүргөндө атам менен апам айлык алганда мага мен каалаган кийимди алып бере албай калса жиним келчү. "Кечээ эле акча алып, калбай калды" дешет деп тултуңдап калчумун. Көрсө,
үй-бүлө багуу деген кыйын экен да. Азыр ойлосом, алар акчаны эң негизги нерселерге жумшаганга аракет кылышчу экен. Учурда өзүмдүн айлыгым өзүмдөн ашпай калат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.09.2016. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
А мен 23чыктым диплом алып алып Армияга кете албай жатам
22.09.2016. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча таш бакадай келип,коендой секирип кетет го чиркин...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: