super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 22-СЕНТЯБРЬ: Кезинде миллиондордун кумирине айланган футболчу Роналдо 40 жашка толду

 
Бразилиялык атактуу футболчу Роналдо (толук аты - Луис Назарио де Лима Роналдо) бүгүн, 22-сентябрда 40 жашка толду. Ал 1976-жылы Рио-де-Жанейродо төрөлгөн.
Кезинде дүйнөнүн мыкты чабуулчуларынын катарын толуктаган Роналдо клубдук карьерасында “Крузейро” (Бразилия), ПСВ (Голландия), “Барселона” (Испания), “Интер” (Италия), “Реал” (Испания), “Милан” (Италия), “Коринтианс” (Бразилия) клубдарында ойногон. Европалык жана бразилиялык клубдардын курамында 384 ирет оюнга чыгып, 280 гол киргизген. Мадриддик “Реалдын” курамында 2 ирет Испаниянын чемпиондугун (2003, 2007-жылдары), 2 ирет УЕФАнын Суперкубогун утуп алган (2002, 2007-жылдары).
1994-2011-жылдар аралыгында Бразилиянын улуттук курама командасында ойноп, 98 оюнда 68 гол киргизген. Улуттук курама команда үчүн киргизген голдорунун саны боюнча экинчи орунда турат (77 гол киргизген Пеледен кийин). Улуттук курама команда менен 1994-жылы жана 2002-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун утуп алган. Дүйнө чемпиондуктарында 15 гол киргизип, 2006-жылы рекорд койгон. Анын рекордун 2014-жылкы Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда германиялык Мирослав Клозе жаңылаган (16 гол).
Роналдо ФИФАнын версиясы боюнча “Жылдын мыкты футболчусу” наамын 3 ирет алган саналуу футболчулардын бири. Бул жеке сыйлыкка ал 1996, 1997 жана 2002-жылдары ээ болгон.
2011-жылы 7-июнда Румыния менен болгон оюндан кийин салтанаттуу түрдө карьерасын жыйынтыктаганын жар салган. Ал карьерасын жыйынтыктаган соң бир катар ири фирмалар менен кызматташууну токтоткон. Жеке өзүнө тиешелүү 4 машыгуучу жайы бар. Мындан сырткары маркетинг менен алектенген "9INE" компаниясын жана жеке клиника ачууга жетишкен. 2000-жылы төрөлгөн Роналд, 2005-жылы төрөлгөн Александр аттуу уулдары, 2008-жылы төрөлгөн Мария София жана 2010-жылы төрөлгөн Мария Алиса аттуу кыздары бар.
22-сентябрдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.09.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Роналдонун (феномен) туулган куну 18-сентябрда.
22.09.2016. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
lotte, wikipedia да сиздин маалыматты туура деп жатат
25.09.2016. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Рональдо 86 эмесби. Бул кайсы Рональдо
25.09.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kenje87,бул башка роналдо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: