super.kg logo
  Саясат  

Батукаевди Кыргызстандан Грозныйга алып кеткен учак Шамиль Атахановдун уулуна таандыкпы?

 

“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, өлкөдөн чыгып кетүү фактысын иликтөөчү депутаттык комиссия бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңеште биринчи жыйынын өткөрүп, анда Коопсуздук жана коргоо боюнча вице-премьер-министр Шамиль Атахановду ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү демилгесин көтөрүштү. Депутат Жоомарт Сапарбаев билдиргендей, Батукаевди Кыргызстандан алып кеткен Челленжер-300 учагы Түркиядан учуп келген жана учуп кетүүгө уруксат 8-апрелде берилген. Билеттер каттоодон саат 20:00дө өткөн, бирок Батукаевди узатуучулар аэропортко саат 23:11де келишкен. Учак Шамиль Атахановдун уулу Данияр Атаханов жетектеген  “Анилия” ишканасына таандык экенин айтат Сапарбаев. Ал эми бул компания казакстандык бизнесмен Александр Машкевич жетектеген “Sim KG Интернэшнл” компаниясына тиешелүү болгон. “Шамиль Атахановдун баласы менен казакстандык бизнесмен Машкевичтин жана Батукаевдин кандай байланышы бар? Бул маселеде дагы башка аткаминерлердин катышы болушу мүмкүн. Бул ишке кийлигишкен бардык адамдарды кызматтан четтетүү керек”,- деди эл өкүлү. Айта кетсек, Азиз Батукаев 9-апрель күнү "Манас" аэропортунан Чеченстандын Грозный шаарына учуп кеткендиги белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: