Бишкекте 1-4-октябрь күндөрү III Эл аралык театр фестивалы өткөрүлөт

Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрында 1-4-октябрь күндөрү "Импульс" III Эл аралык театр фестивалы өткөрүлөт.
Фестивалдын максаты - кыргыз театрын дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу, театр искусствосу аркылуу элдерди бириктирүү, эл аралык долбоорлорду түзүүнү демилгелөө жана театр искусствосундагы жаңы багыттарды көрүүчүлөргө көрсөтүү.
Фестивалга дүйнөнүн ар кайсы жагынан келген профессионал, таланттуу чыгармачыл инсандар катышат. Анын алкагында режиссура жана актёрдук чеберчилик боюнча мастер-класстар жана фестивалдын жыйынтыгы боюнча тегерек стол өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.