Өспүрүмдөр курамасынын машыктыруучусу: "Вьетнамдын футболчулары биздин одоно каталарыбыздан пайдаланып 3 гол киргизишти"

Бүгүн, 22-сентябрда футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун 3-турунда кыргыз футболчулары Вьетнамга 3:1 эсебинде утулуп калышты. Муну менен өспүрүмдөр курамабыз мелдеш менен коштошууга мажбур болду.
Оюн тууралуу ой бөлүшкөн өспүрүмдөр курамасынын машыктыруучусу Самат Сүймалиев буларга токтолду: "Албетте, бул Азия чемпиондугу жана мында оңой командалар болбойт. Атаандаш биздин футболчулардын кетирген одоно каталарынан пайдаланды. Биздин футболчулар аракет кылышты, бирок жеңиш биз тарапта болгон жок. Бул футбол, ушуну менен жашоо токтоп калбайт".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Болбош керек.а л орус кыргыз деп ойноп журот
Ошол орус казахстанга кандаай ггол киргизди унуттунбу