Бишкекте "тургундун 500 миң сомдук зер буюмдарын сатып берем деп алып, качып кеткен" деп шектелген аял кармалды

Бишкекте "тургундун 500 миң сомдук зер буюмдарын сатып берем деп алып, качып кеткен" деп шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 1979-жылы туулган О.Т. аттуу тургун кайрылып, Зина аттуу чала тааныш аял 500 миң сомдук зер буюмдарын сатып берем деп алып, ошол боюнча качып кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп, кылмышка шектүү катары 1975-жылы туулган З.Б. кармалган.
“Учурда кылмышка шектүү мындан башка дагы бир канча алдамчылык фактылары боюнча айыпталууда. Эгер андан жабыркагандар болсо, (0778) 75-00-05, (0553) 10-26-31 номурларына чалып, кабарлап койсо болот”, - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.

Чала таанышка эмес жакшы таанышка деле ишеништин кереги жок.