super.kg logo

Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүндө жол кырсыгына кабылып, 9 жүргүнчүсү жабыркаган маршруттук таксинин айдоочусу камакка алынды

 

Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүндө жол кырсыгына кабылып, 9 жүргүнчүсү жабыркаган маршруттук таксинин айдоочусу камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Патрулдук милициясынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.

"28 жаштагы айдоочуга "транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу" беренесинин 2 бөлүгү (ушул эле жосун жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе же анын саламаттыгына оор зыян келтирсе) менен кылмыш иши козголду. Учурда айдоочу убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деди Бугубаев.

Эске салсак, жол кырсыгы 21-сентябрь күнү Шабдан баатыр көчөсүндө кечки саат 21:00 чамасында орун алган. Аталган көчө менен түндүктү көздөй бара жаткан №138-каттамдагы кичи автобус бир капталына оодарылып кетип, 9 адам жабыркаган. Жабырлануучулардын биринин колу жанчылып калып, дарыгерлер аны кесип салууга аргасыз болушкан. Жабырлануучулардын көпчүлүгүнүн баш мээси чайкалып, денелери сыйрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: