Президенттик аппарат: "Атамбаев дарыланууну улантыш үчүн Москвага келди"

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Москва шаарындагы Борбордук клиникалык ооруканага келди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул ооруканада Атамбаев дарылануусун улантмакчы.
Айта кетсек, 20-сентябрда кечинде президенттик аппараттын басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин жүрөк оорусу кармап, Түркияда ооруканага жаткырылганын кабарлаган. Мындан улам президент Нью-Йоркто өтчү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясына катышпай тургандыгы айтылган. Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев болжол менен 1-октябрга чейин эмгек өргүүсүнө чыкканы маалымдалган. "Хаберлер" түркиялык басылмасы президент Түркиянын Измир шаарындагы "Шератон" мейманканасында экенин жазып чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Мен шайлаган эмесмин. Гос жумушта иштеген
Тааныштар айтса да салган эмесмин
Башка ач
Оорубай эле Текебаевден качып кетти.
Эми Омуко тынчымайынча келбейт
Мине кылып кыйратты
Артисттер оюнун аткарып коё берет
Тушунугун жакшы эле
Даа андай адам болбой эле койсун
бул дуйнодо