"Ата Мекен" фракциясы "Манас Менеджмент Компани" ишканасынын иши менен таанышып жатат

Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары "Манас Менеджмент Компани" жабык акционердик коомунун иши менен таанышып жатышат. Ишкананын жетекчиси Асан Токтосунов аталган ишкана жүктөрдү кабыл алуу жана жүргүнчүлөргө тамак-аш жеткирүү менен алектенерин маалымдады. Депутат Бахадыр Сулейманов "Манас Менеджмент Компани" ишканасы монополист болуп алганын айтып, аталган кызматтарды аткаруу үчүн атаандаштык түзүү зарыл экенин билдирди.
Айта кетсек, буга чейинки маалымат жыйындарынын биринде "Ата Мекен" фракциясынын лидери депутат Өмүрбек Текебаев: "Бишкек шаарынын азыркы мэри Албек Ибраимов "Манас" аэропорту башкармалыгын жетектеп турганда учактагы жүргүнчүлөргө тамак-аш даярдоочу цех мамлекеттин эсебинен 15 миллион долларга сатылып алынган, бирок чыныгы баасы 2 миллион доллар болгон эле", - деп билдирген.
"Ата мекенчилер" "Манас Менеджмент Компани" ишканасы менен таанышышты


