super.kg logo

Кант шаарында Жарандарга акысыз укуктук жардам берүү борбору ачылды

 

Кант шаарында Жарандарга акысыз укуктук жардам берүү борбору ачылды. Борборду ачуу Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги тарабынан демилгеленип, Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын негизинде каржыланган.

"Акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча иш жасап, жарандарыбыздын укуктук сабатсыздыгын жоюу максатын көздөп, 2015-жылдан бери аракет кылып жатабыз. Өткөн жылы Ош шаарында жана Кара-Суу районунда борборлор ачылган. Негизи, бул долбоор алгачкы этабында Чүй жана Ош облустарында ачылат", - деп билдирди Адилет министрлигинин Нотариат жана адвокатура башкармалыгынын башчысы Марипа Сейдалиева.

Маалыматка ылайык, Кант шаарында ачылган борбордо 3 жактоочу жана 2 нотариус адистери укуктук жардам берүү боюнча иш баштаган.

Белгилүү болгондой, Ош, Чүй облустарында ачылган борборго 8 айда 2843 жаран кайрылган. Анын ичинен үй-бүлөлүк укуктар боюнча 22 пайыз, мурастарды каттоо боюнча 19 пайыз, жеке укуктар боюнча 9, жер маселеси 8 жана эмгек укуктары боюнча 6 пайыз адам кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: