super.kg logo
  Саясат  

Январь-март аралыгында ички дүң өнүмдүн өсүшү 7,6 пайызды түздү

 

"Ушул жылдын январь-март аралыгында ички дүң өнүмдүн иш жүзүндөгү өсүшү 7,6 пайызды түздү". Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде ЖКнын Бюджет жана каржы боюнча комитетинин жыйынында Каржы министри Ольга Лаврова  билдирди. Айтымында, ички дүң өнүмдүн жалпы көлөмү 59 миллиард сомго жетти. “Башкача айтканда, өткөн үч айда мамлекеттик бюджетке 25 миллиард 685 миллион сом түшүп, пландалган көрсөткүч 94 пайызга аткарылган”, деди министр. Ал эми депутат Ахматбек Келдибеков ички дүң өнүмдүн 7,6 пайызды түзүшү аздык кыларын, бюджеттин бардык беренелерин толугу менен камсыз кылуу үчүн экономика өсүшү 13-14 пайызды түзүшү керектигин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: