super.kg logo

Брэд Питтке "өз балдарына зомбулук көрсөткөн" деген айып тагылууда

 

Брэд Питт менен Анжелина Жолинин айланасындагы окуялар, ага байланыштуу айтылып жактан кептер дагы көпкө созулат өңдүү. Чет элдик басылмалар "экөөнүн ажырашуусуна Жолинин кызганчаактыгы себеп болгон" деп айтышса, башкалары "Брэд учакта баратып балдарынын бирөөсүн Жолинин көзүнчө урушуп, уруп салган. Ошол эле күнү экөө эки башка жакка кетип, андан көп өтпөй Жоли ажырашууга арыз берген" деп айтып чыгышты. Буга чейин актёрго карата "балдарына зомбулук көрсөткөн" деп кылмыш иши козголгондугу айтылып, бирок Лос-Анжелес шаарынын полиция кызматы бул маалыматты төгүндөгөн эле.

Ал эми бүгүн, 23-сентябрда ФБРдын (ФТБ - федералдык тергөө бюросу) кызматкери "People" басылмасына Брэд Питтке карата айыптоолордун чын-төгүнүн аныктоо үчүн текшерүүлөр жүрүп жатканын, эгерде чын болсо актёрго карата кылмыш иши козголорун айткан.

Болгон окуя боюнча үй-бүлө жана балдарды көзөмөлдөгөн борбор иш алып барууда. Ал эми актёрдун жакындары анын күнөөсү жок экенин айтышууда.

Белгилей кетсек, түгөйлөр 9 жыл жарандык никеде жашаган соң 2014-жылы расмий никеге турушкан. Ортолорунда 6 баласы бар (алардын үчөөсүн багып алышкан). Ал эми 20-сентябрь күнү Анжелина Жоли ажырашууга арыз берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
23.09.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Обу жоктор.
23.09.2016. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер чын эле андай болсо Анжелина азамат экен ушундай мээримдуу айымдар коп болсун.
25.09.2016. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6 бала бакканы жакшы экен..
25.09.2016. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай иий урушуп койсо ажырашып кетиптир , бизде уруп токмоктоп ачка ток журуп эле чонойот балдар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: