super.kg logo

Бишкек. Кыргыз тилине кайдыгер карагандар, ката жазылган жарнамалар

 

Бүгүн, 23-сентябрда "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынганына 27 жыл болду. Кыргыз тилинин мыйзамынын кабыл алынган күнүнө карата өлкөнүн бардык аймактарында түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү. Айрым аймактарда тилди даңазалап, барктап, баалап, тилибиз гүлдөп-өнүгүп жаткандай түр көрсөтүлдү. Борбор калаада да калың элди чогулткан маданий иш-чара өттү.

Бул күнү атайын шаар кыдырып, андагы көрнөк-жарнактардын жазылышы менен таанышып чыктык. Албетте, кыйма-чийме унаалар, жык-жыйма адамдар жүргөн аймактарда жарнамалоо кызуу жүрөт. Бул үчүн адамдар көп жүргөн тарапка бет алдык.

Калаанын Бейшеналиева көчөсүн аралап баратып ар бир соода түйүнүнүн алдынан орус тилинде илинип турган жарнактарга күбө болдук. Жарнаманын баш жагына кыргызча, ылдыйкы саптарына орусча жазылгандары жок эмес. Ал эми аялдамаларда, көп кабаттуу үйлөрдүн дубалдарына жармаштырылган жумушка чакырып, жумуш берген жарнамалардын көпчүлүгү орус тилинде экенин байкадык.

Мындан сырткары белгилүү компаниялардын дареги жазылган тактайчадагы жазууларда ката бар. Ал тургай суусундук саткан компаниялардын биринде сатылуучу суу идишинин сыртындагы жазуулар ката менен жазылган.

Эске салсак, 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алып, кыргыз тили өлкөдө "мамлекеттик тил" деген макамга ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
23.09.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү
кайдигер
1. Жөнөкөй, кандайдыр бир кызыкчылыгы, тиешеси жок, жайынча.
2. Кош көңүл, көңүл кош, кызыгуусу жок, салкын.
23.09.2016. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев)
кайдигер
23.09.2016. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайдигер киргизчеси, кыргызча кайдыгер
24.09.2016. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызчалап сүйлөп койсок бирөөбүз,
Орусчаны билбейт го деп күлөбүз.
Оо кыргызым эне тилди баалабай,
Эмнебизге кыйын болуп жүрөбүз?...
24.09.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне тилин кемсинтип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: