Москвада “кыргыз жаранын сабап, 200 миң рубль талап кылган” деп шектелген 4 адам кармалды






Москвада “кыргыз жаранын сабап, 200 миң рубль талап кылган” деп шектелген 4 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, сентябрь айынын башында 25 жаштагы кыргыз жараны Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө арыз менен кайрылган. Анда ал 31-август күнү белгисиз 4-5 адам тапанча такап коркутуп токойго алып барышканын жана ал жактан сабап, 18 миң рубль акчасын, кымбат баалуу кол саатын, паспортун, эмгек келишимин алып коюшканын айткан. Ошондой эле алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин айтышып, 4 күндүн ичинде 200 миң рубль алып келишин талап кылышкан. Бул факт боюнча ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү жана орусиялык кесиптештери менен бирге ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзгөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 4 адам кармалган.
- П.Эмил, 1993-жылы Ош шаарында туулган. Мурда Орусияда тоноо боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
- К.Биджон. 1980-жылы Өзгөн районунда туулган. Орусиянын жараны.
- С.Тынчтык. 1989-жылы Кара-Суу районунда туулган. Орусиянын жараны.
- К.Бек. 1995-жылы Өзгөн районунда туулган.
Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, мындан башка дагы кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө.

емес азыр озундун бир канындан кыргыз
бир туугандар бири бирин тоноп сабап
коркутуп акчасын алып калган азыр
эл корсун билсин баары
туугандары м н кошо уят болушу керек
бул чимкириктер