ЖЫЛНААМА, 24-СЕНТЯБРЬ: "Жамийла" тасмасында башкы ролду ойногон актриса Наталья Аринбасарова 70 жашка толду




1946-жылы 24-сентябрда советтик жана орусиялык актриса Наталья Аринбасарова Москва шаарында аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. 1964-жылы Академиялык хореографиялык окуу жайын аяктаган. Наталья бул окуу жайды бүтөр жылы аны орусиялык режиссёр Андрей Кончаловский Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартыла турган "Биринчи мугалим" тасмасындагы Алтынайдын ролуна тандаган. Кино тартуу убагында режиссёр экөөнүн ортосунда сүйүү тутанган. Ал сүйүүнүн аягы Егор аттуу балалуу болгондон кийин ажырашуу менен аяктаган. Актриса экинчи жолу биринчи жолдошу Андрейдин досу, сүрөтчү Николай Двигубскийге турмушка чыккан, бирок аны менен да ажырашкан.
“Биринчи мугалимден” кийин атактууга айланган актриса кайра эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Жамийла” тасмасында Жамийланын ролун аткарган.
24-сентябрдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
1

Комментарийлер(2)
Boldukan86

24.09.2016. 09:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы. Куттуктайбыз
Mekuza92

24.09.2016. 16:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кут болсун эже Аллахым узуун омур берсин!☺
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.