super.kg logo

Баткенде жабылбаган эшигин жип менен байлап жүргөн кичи автобустун айдоочусуна 1000 сом айып пул салынды

 

Баткен шаарындагы Бужум-Баткен каттамындагы маршруттук таксинин эшиги жабылбагандыктан, аны жип менен байлап жүргөн айдоочуга 1000 сом айып пул салынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен аймактык транспорт башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган факт боюнча иликтөө жүргүзүлүп, анын натыйжасында "Баткен-Пирим" ишканасына тиешелүү Мерседес Бенц 310 үлгүсүндөгү кичи автобустун айдоочусуна Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинин негизинде 1000 сом айып пул салынды. Азыркы убакта аталган кичи автобустун техникалык абалы оң экени баса белгиленди.

Айта кетсек, 22-сентябрда окурман: "Баткен шаарындагы Бужум-Баткен каттамындагы маршруттук таксинин эшиги таптакыр жабылбайт, айдоочу аны жип менен байлап жүрөт", - деп "ЭЛДИК КАБАРга" маалымат жөнөткөн. Ал: "Жип менен байланган эшик жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна кепилдик бере алабы? Тиешелүү органдар көзөмөлдөп коюшса болмок, адам өмүрүнө ушунчалык да кайдыгер болушабы?" - деп нааразы болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
24.09.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мына ошол 1000 сомго эшикти жасатып алып айдаса эч балээ жок эле да баарыбир толодун... кыргызчылык дебей..
24.09.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кыргыз азга конбой копко конот деген ушуда
24.09.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай нерсе толтура. Бизге да өтүшүп кеткенде келет. Эртерээк келсе өзүнө дагы, бизге дагы жакшы. Кыргызчылык эмес , бул жоопкерчиликсиздик же жалкоолук.
24.09.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
байкушка балка акчасы бир чондун чонтогуно кетти да, мамл. тугюшкон менее депутаттар жеп тынат
24.09.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+42
смартфон утуп калсаң ошол кишиге алып берип бер,аяшава мени кечириң иттик менден кетти деп...
24.09.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эреже бузган менен техникалык абалы начар автоунаа менен жүргөнгө бирдей эле штраф сала бербестен, экоону айырмалаш керекпи деп дайыма ойлоп калам. Техникалык абалы талапка жооп бербеген автоунааны мамлекеттик техосмотрга алып барып оңдотуп туруп, айдоочу күбөлүгүн алып, временный правага ремонтко кеткен акчаны жазып кое бериш керек!
24.09.2016. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кайран байкушту дагы жон койбоптурда жон эле эскертуу берсе болмок ал дагы элди эптеп ташып жаткандыр кичине болсо дагы уй буломду багайын деп.
plaza85 түзөттү 2016-09-24 13:16:09
24.09.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
plaza85,Баткендин мээринин тачкасы ошондой болгондо "Эскертүү берилди"деп чыкмак.Кайран байкуш шопур авага жалко
24.09.2016. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми айдоочу ошол нерседен нанын таап жеп жаткандан кийин жакшылап караш керек да кайдыгер болбой. Коомдук унаада ар бир адамдын коопсуздугу үчүн жооп берет. Ана эмт 1000 сомго түшүптүр. Ошону жөн эле 500сомуна эшигин жөндөтүп тирчилигин кыла берсе болот беле? Ар бир жаран жоопкерчиликти сезе билип, тартипти сакташыбыз керек да. Ушул окуя баарыбызга сабак болушу керек. А биз ээ кыргызчылык да деп жүрө беребиз да качаан анан зарыл болгондо "тоок .....ө келгенде какылдайт" болуп шашы
Кайрат түзөттү 2016-09-24 13:30:03
24.09.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жанын тындыбы эми кабар жоноткон адам.Башка ал машинага чыкпай деле койсон болот эми кантип бет карайсын?ичинен канча каргап сокту экен шофер сени.Акчасы ашып ташканда эчак эле ондоп алса керек эле айдоочу.Кор тиричилектен арттыра албай жаткан го.
24.09.2016. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Смартфон алыш үчүн элдер эмнеге гана барбайт. Жөн койсо ошол айдоочу өзү деле жасатып алмак. Бир жерибизди кысып жүрөлү туугандар. Бириңдикин бириң чукуй бербей.
24.09.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Айып пул миң сом элеби?адамдын омуру миң сомдук эле кадыры бар экен да э чондорубузга ?!
24.09.2016. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жакшы тема болуптур енди эшигини жасатса рахмат айтарго мендеп жургон экенмин деп
Кызыкы тажабаган киши окшойт. Кечке жибин тарткылап
Биздин огородто бир ешиги бар болсу ошону жипменен илип койчубуз кунуно биржолуда болсо зеригет эдем ачык калчу кобунчосу
24.09.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Автор эми сен жоо бас!!!кычык издебей.
25.09.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айфон утсан мин сомун берип кой шопурга. Негизи тура эле кылгансын. Бир жерде эшиги ачылып кетип адамдар тушуп кетсе не болот эле.?
abusait түзөттү 2016-09-25 12:45:38
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: