super.kg logo

Ысык-Көлдө тоо медицинасы боюнча Бүткүл дүйнөлүк симпозиум башталды

 

Ысык-Көл облусундагы эс алуучу жайлардын биринде академик Мирсаид Миррахимовдун 90 жылдыгына арналган тоо медицинасы боюнча Бүткүл дүйнөлүк симпозиум жана дем алуу органдары, аллергия боюнча Улуттук конгресс башталды.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, XX кылымдын соңунда 140 миллиондон ашуун адам бийик тоолуу райондордо жашап, 100 миллионго жакын адам жыл сайын бийик тоолорго чыгат. Деңиз деңгээлинен бийик, табигый оор шарттарда жашоо адамдын ден соолугуна терс таасир этип, иштөө жөндөмдүүлүгүн начарлатып, өлүмгө да алып келиши мүмкүн. Кыргыз өлкөсү тоо медицинасы боюнча алдынкы медициналык илимий борборлордун бири катары таанылгандыктан дүйнөлүк илимий борборго туташтырылган. Андыктан 24-28-сентябрь күндөрү өтчү симпозиумдун, конгресстин алкагында бийик тоолуу аймактарда пайда болгон оорулар, алардын алдын алуу, бийик тоолуу аймактарда жашаган элдердин жашоо шартын жакшыртуу, тез жардам көрсөтүү боюнча көйгөйлөргө көңүл бурулуп, бул маселелерди чечүү жолдору талкууланмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: