"Кудай берип жатат" деп эле жылда төрөй бербей, жок дегенде 3-4 жыл күтүү керек" дейт профессор Абдухалим Раимжанов

"Абдан бийик тоолуу аймактарда жашаган, мисалы, Памир тоолорун мекендеген адамдардын арасында оорулуулар абдан көп. Мындай жерде жашагандардын өпкөсүнүн тамырларынын кан басымы көтөрүлүп кетет, андыктан түздүктө жашаган адамдар бийик тоолуу аймактарда жашагандарга караганда көбүрөөк жашашат", - деп билдирди тоо медицинасы боюнча Бүткүл дүйнөлүк симпозиумда Кыргыз гематология илимий борборунун директору, профессор Абдухалим Раимжанов.
"Бийик тоолуу аймактарга адам барганда демигип, өпкөсү көөп чыгат. Кан басымы да көтөрүлүп, өңү жердин өңүндөй кара-күрөң тартып, оозунан көбүк менен кан аралаш чыга башташы мүмкүн. Эгерде алгачкы жардам көрсөтүүгө дары-дармек жок болсо, дароо жок дегенде бир чакырым ылдый алып түшүү керек. Мен өзүмдүн тажрыйбамдан ушундай ыкма менен 30дай адамдын өмүрүн сактап калгам", - дейт академик.
Ал эми жүрөк кемтиги менен төрөлүү аз кандуулуктан, аялдын организминде темирдин жетишсиздигинен болорун билдирет Раимжанов.
"Учурда жаш балдардын тубаса жүрөк кемтиги, кан оорусу менен төрөлгөндөр көп экендиги аныкталууда. Мунун аз кандуулук, жакын туугандардын никеге турушу өңдүү дагы башка көп себептери бар. Гематолог катары оорулуу балдардын төрөлүү себептери ушулар деп айта алам. Ошондой эле үй-бүлөнү да пландоо керек. "Кудай берип жатат" деп эле төрөй бербей, аралыгы жок дегенде 3-4 жыл болуш керек. Аял кош бойлуу кезде, төрөгөндө организминдеги темир элементи азайып кетет. Төрөгөндөн 3-4 жылдан соң калыбына келет, андыктан темир элементи көп болуш үчүн адам витаминге бай азыктарды, жашылча-жемиштерди колдонуусу зарыл", - деди профессор А.Раимжанов.


"Чон апа биз кантип
жаралганбыз" деп? Чон апасы; Ээ
неберелерим силерди аист деген куш
аба аркылуу алып келген, силер
ошентип пайда болгонсунар дейт. Анда
неберелердин бироосу экинчисине
шыбырап;Чон апабыз каза боло электе
бала кантип жаралышын айтып
койолубу а то шордуу кемпир билбей
олуп калбасын деп боорду эзиптир
Мурунку 200 гр сырдагы белок азыр 2 кг сырла жок баланын да имунитети тушуп кетет тиштери кальций жетпей дакшыкпайт деп тушундурду.
Азыр турмушка чыккан кыздар канчасы исинде баласы олуп же боюнан тушуп калууда мен ооруп ооруканага жатып бут эле биринчи кош бойлуу болгон келиндер ичинде чарчап калган же тушуп калгандар.
1-ден балалуу болуу учун ата-энесинин ден соолугу чын болуш керек.
2-ден ата энеси баланын милдетин алып эне-балага шарт тузуу керек.
Анан кош бойлуу учурда таза азык-тулук м.н тамактануу, витаминге бай жашылча-жемишти жеш керек.
Кош бойлуу учурда УЗИ "зыян" дебей тез тезден корунуу керек.
Азыр жаш кыздар жылуу журбойт. Анан келсе миома, киста деген м.н ооруйт.
Ал оору м.н 50дон отуп ооруса мейли эле.
Проклад
азыркылар колуна бир деме тийсе аай колум деп эле назик
телефонов зыян клеткаларды олтуруп алсыз кылат адамды