ЖЫЛНААМА, 25-СЕНТЯБРЬ: 114 жыл мурун жазуучу Касымалы Баялинов туулган

1902-жылы 25-сентябрда жазуучу Касымалы Баялинов Ысык-Көл районуна караштуу Кек-Мойнок айылында туулган. Жаш кезинде ата-энесинен ажырап, туугандарынын колунда чоңойгон. 1916-жылкы көтөрүлүштө эл менен бирге Кытайга барган.
1918-жылы Токмокко келип, дарыканада дары-дармек ташуучу, ат багуучу, армиялык казармада ашпозчунун жардамчысы болуп иштейт. 1919-жылы К.Баялинов Ташкентте ачылган 6 айлык советтик-партиялык курсту аяктап, 1920-жылы 6 айлык педагогикалык курска катышкан. 1921-1925-жылдары Алматыдагы Казак педтехникумунда, 1929-1933-жылдары Москвада Бүткүл союздук журналистика институтунда окуган.
1920-жылы Нарын кантонунун Комсомол комитетинде иштеген. 1925-жылы К.Баялинов Москвадагы Борбордук басмакананын Кыргыз секциясына редакторлукка жөнөтүлөт. 1926-1928-жылдары жана 1935-1937-жылдары "Кыргызмамбастын" башкы редактору, 1933-1935-жылдары Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук гезитинин редактору, 1940-жылдан тарта "Советтик Кыргызстан" гезитинин башкы редактору, 1941-жылдан баштап "Ысык-Көл правдасы" облустук гезитинде эмгектенген.
25-сентябрдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
Komrad

25.09.2016. 10:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл жук беле эн биринчи чыгармасы?
kani-esen

25.09.2016. 12:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"АЖАР" повестин жазган.
Komrad

25.09.2016. 12:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажар эми белгилуу чыгарма да. Бирдемке таншыйт деген журналга биринчи болуп кызыл жук жарык коргон деп окуганбыз.
Мэри

25.09.2016. 19:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кызыл жүк" деген Алыкул Осмоновдун туңгуч ыры, ал "Сабаттуу бол" гезитине 1930-жылы чыккан.
Мэри

25.09.2016. 19:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал эми К.Баялиновдун "Чабалекей менен жылан" деген чыгармасы эсиңерде болсо керек...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.