super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Баткендеги милиция бөлүмдөрүндө Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чаралар өттү

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Баткен облусунун аймагында жайгашкан
район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

"Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жыйналыш өткөрүп, ага Баткен шаарынын кыргыз тили боюнча түзүлгөн комиссиясынын мүчөлөрү, "Кызыл-Жол" орто мектебинин кыргыз тили сабагы боюнча мугалимдери жана окуучулары менен биргеликте концерттик программа тартуулашты. Программада "Тил - улуттун жүзү" аттуу баяндама жасалып, ыр-бий менен коштолду, окуучулар кызматкерлерди Мамлекеттик тил майрамы менен куттуктап, "Кыргызымдын жигиттери" аттуу ырды тартуулашты. Ошондой эле кыргыз тилинин алгач пайда болушу, азыркы күндөгү тилибиздин орду жана анын канчалык деңгээлде туура жазылып жатканы тууралуу да кеңири маалымат беришти", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.09.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин эжекейлерго баары,окуучулар ла
25.09.2016. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аааа жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: