super.kg logo

"Кызыл-Кыяда ишкерди ур-токмокко алды" делген УКМКнын кызматкери кызматынан убактылуу четтетилди

 
Жабырланган жеке ишкер
УКМКнын кызматкери Замир Жолболдуев

"Кызыл-Кыяда ишкерди ур-токмокко алды" делген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аталган аймак боюнча башчысы Замир Жолболдуев кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, Кызыл-Кыядагы ишкер менен УКМК кызматкеринин мушташы боюнча кызматтык тергөө жүргүзүлөт.

Айта кетсек, Кызыл-Кыяда жеке ишкерди УКМКнын кызматкерлери ур-токмокко алышканы тууралуу маалыматты окуя болгон күнү окурман "ЭЛДИК КАБАРга" жөнөткөн. Күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактар SUPER.KG порталына билдиришкендей, 25-сентябрга караган түнү жабырлануучу аялы менен тойдон келе жатканда бир унаа алардын жолун тосуп токтогон. "Ичинен мас абалдагы төрт адам чыгып, экөө аялын кармап турушканда, калгандары жеке ишкерди ур-токмокко алышкан. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, милицияга арыз жазган. Ошол эле түнү милиция кылмышка шектүүлөрдү кармап, экспертизадан өткөрүү үчүн ооруканага алып келген. Бул жерде УКМКнын жергиликтүү аймак боюнча башчысы "ажатканага кирем" деп терезеден секирип качууга аракет жасаганда, милиция кызматкерлери аны кармоого үлгүрүшкөн, бирок ал камакта эмес. Бир нече сааттан кийин аны үйүнө коё беришиптир", - деп билдиришкен булактар.

Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча төмөнкүдөй комментарий берди: 24-сентябрда Ош-Кызыл-Кыя жолунун Ноокат районуна караштуу Өрнөк айылынын аймагындагы бөлүгүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери Замир Жолболдуев менен З.Маткалыков аттуу айдоочу жол талашып кетишкен. Мындан кийин аталган айдоочулар унааларын токтотушуп кайым айтышып, мушташууга чейин барышкан. Окуя болгон жерге Патрулдук милициянын ыкчам тобу барып, эки тарап тең милицияга арыз жазышкан. "Акча талап кылуу жана уурдоо фактысы боюнча тараптар ал учурда милицияга кайрылган эмес. Топтолгон материал Ноокат РИИБине берилди, териштирүү иштери жүрүп жатат", - деди ИИМ.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
26.09.2016. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматтар десе.биз адамдар бирибирибизге кыйынбыз.!
26.09.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Карга карганын козун чокубайт.Бул ишти да жаап коюшат ИИМдин кызматкерлери, куноолу жонокой жеке ишкер деп табылат. Бизде УКМКнын кызматкерлери оздору баш болуп "вымогательство" кылышат, башка маселелер толуп жатканда. Ошентип отурса куч структуралары бизнес кайдан онугот эле Кыргызстанда.
Batyrkhan түзөттү 2016-09-26 10:12:39
26.09.2016. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Batyrkhan,Ал жонокой ишкер эмес ал бир жергиликтуу чиновниктин баласы.УКМК кызматкеринин подстава кылышкан так маалымат беришпей жатышат.Ойлоп корчу озун кантип 10 км ашуу жерге СОБР 2-3 минуттун ичинде жетип келет ал у-н тик учак керек ал эми машинеде жетип келиши мункун эмес.Бул инцидент алдын ала даярдалынган болушу мумкун провакацияга алынбагыла следствие разбиреться.Также хочу отметить глава Кызыл-Кийского отделения ГКНБ снимает квартиру в К-Кыя он простой не высокомерный гражданин КР.
26.09.2016. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бардак
26.09.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишти аскер прокуратурасы тергеши керек, ИИМ УКМК кызматкерлеринен айбыгат... Бирок ошондо да калыс тергелеби же "кол ийрисине тартабы" айтуу кыйын... Кыргызстанда адилеттуулук кол жеткис болуп бара жатат карапайым эл учун...
26.09.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Билип билбей ар нерсени жаза бербейли менин угушумча УКМК кызматкери жашы чон эле токтонуп калган жакшы эле киши дейт.Баарыбыз жамандап аарыдай жармаша калабыз куру дооматтан кудай сактасын баарыбызды.УКМК кызматкери акча алгысы келсе жолу коп ар кандай жол менен алып койушу мумкун мисалы наркотик салып ж.б
26.09.2016. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
точносун билбегенден кийин икс три(Х3) деп эле салгыла да
26.09.2016. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жерде башка иш бар. Атайын уюшулган болушу мумкун. Замир Жолдубаев анчалыка барбайт. Токтонуп калган жигит. Куболор бар экен. Ошолор туура корсотмо берсе жыйынтыгына кубо болорбуз. Билип билбей ар кандай создорду жазбайлы туугандар.
26.09.2016. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мыйзам баарына иштесе кана бизде, ажаткананын айнегинин чонун кара бул жерде темир тор койбойсунарбы? Уялтпайын деп уйуно коё беришиптир да!!!
26.09.2016. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жашоо мыйзам. Кучтулордун заманы жакындаган чыгаар балким. Башка соз жок!!!!!
26.09.2016. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай коруп турат баарын туура иликтеп жазсаныздар комментарий жазат экен деп эле жаза бербей. Ак ийилет бирок сынбайт. УКМКанын жетекчиси андай кылуусу мумкун эмес.Замир Жолболдуевди Кызылкыя эли билет кандай Адам экенин.
26.09.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мен ал жетекчини тааныйм как алкаш катары.Булар мамлекеттин коопсуздугун камсыздабай эле, мамлекетте иштөөнү, жүрүүнү кооптуу кылып жатат. Ушундай жетекчилер болсо келечектеги муун кандай болот? Малекеттин келечеги кандай болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: