super.kg logo

Бишкекте "мас абалында 7 жаштагы кызды уурдоого аракет кылган" деп шектелген жаран кармалды

 

Бишкекте "мас абалында 7 жаштагы кызды уурдоого аракет кылган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-сентябрь күнү саат 09:19 чамасында “102” кызматынан Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын Дордой жаңы конушунан секелек кыз уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлерге арыз менен 1981-жылы туулган С.Жаркын кайрылган. Анда ал саат 09.00 чамасында көчөдө ойноп жаткан 2009-жылы туулган Аксамат аттуу кызынын каршылыгына карабастан, белгисиз адам күч колдонуп коркутуп, уурдоого аракеттенгенин билдирген. Арадан көп өтпөй кызды арыз ээсинин К.Келдибек аттуу коңшусу жетелеп келип, аны белгисиз адамдын колунан бошотуп алганын билдирген.

"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Талас облусунун Бакай-Ата районунда 1976-жылы туулган Ш.И. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(3)
26.09.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балдарды жада калса эшиктин алдына ойнотконго дагы болбой калды. Коом бузулду, балдарга зомбулук кылгандар каяагы менен ойлонот билбейм. Биз кичинекей кезибизде ата-энебиз эртен менен жумушка кеткен боюунча кечинде корушуп, суйлошот элек. Азыр тан калам, озулорунон дагы сурай берем сары-санаа болчу беленер?деп. Азыр бир саат балдарыбыздын дайыны чыкпай калса жинди болуп кете жаздайбыз. Балдарды эч кароосуз калтырбаныздарчы. Уйдун иши бутпосо койсун каяакка болсо дагы кошо барып келип тургулачы
Zainka түзөттү 2016-09-26 14:40:02
26.09.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргызстан кино болуп кетиптирго
26.09.2016. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Закондун кучу жоктугунан кабар берет.Азыр бут нерсени акча менен чечип калышкан.Мвдны реформа кылыш керек Грузиядагыдай анан иштебегендерди корот элек.Генералдан баштап кенже сержантка чейин алмаштыруу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: