super.kg logo

"Коомчулукту дүрбөлөңгө салбай, "Үркүн" тасмасын көрсөтүүгө уруксат берели деп чечишти" дейт Мухтар Атаналиев

 

"Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча, тасмада эки элди кагыштырууга чакырык, мыкаачылык көрсөтүлгөн, тагыраагы, кандуу эпизоддор жана эротика болбош керек. "Үркүн" тасмасында андай мыйзам бузуулар жок болгондуктан, көрсөтүүгө уруксат берилди", - деп билдирди SUPER.KG`ге аталган тасманын режиссёру Мухтар Атаналиев.

"Эртең, 27-сентябрда тасманын жабык көрсөтүүсү өтүп, өкмөттөн кишилер келип көрүшмөй болду. Биз массалык маалымат каражаттарына чыгып, тасманы көрсөтүүгө уруксат бербей жатышат деп айткандан кийин ойлонушса керек. "Бул деген тарых, коомчулукту дүрбөлөңгө салбай, көрсөтүүгө уруксат берели" деп чечишти. Анан да тасманы атайын комиссия көрүп чыгып, "тасманы көрсөтүү керек, келечек муун өткөн тарыхты билиши зарыл" деген чечим чыгарып берди", - дейт
М.Атаналиев.

"Экинчи дүйнөлүк согушта деле жалпы СССР өлкөсүнөн 60 миллиондон ашуун адам каза болгон. Согуш тууралуу миңдеген фильмдер тартылды. Муну менен орус-немис же башка элдердин мамилелерине доо кеткен жок да. Ал эми биз кыргыз-орус мамилесине доо кетет деп отура берсек, анда эгемен эмес өлкө болуп калабыз. "Ушул тасманы жөн эле койбойт белең" деп айткандар кошоматчы, маңкурт адамдардын белгиси", - деген оюн билдирди режиссёр.

Белгилей кетсек, буга чейин Мухтар Атаналиев: "Үркүн" тасмасын жаратууга мекениңдеги көйгөй сенин да көйгөйүң болуш керек деген ой түрткү болду. 100 жыл илгери ата-бабаларыбыз бейажал кырылып, ач-жылаңач белде, жолдо азап тарткан. Ошол тарыхый чындыкты тасма аркылуу чагылдырайын дедим, бирок тасма тартылып бүткөндөн кийин көрсөтүүгө тиешелүү тараптардан уруксат берилбей жатат. "Бул жерин алыш керек, жумшартыш зарыл. Орустар менен мамилебизди эми жакшыртып келатканда ушуну тартып эмне кереги бар эле?" деп кайра кишини күнөөлүү кылышат", - деп маектеринде билдирген эле.






Үркүнгө арналган тасманы элге көрсөтүүгө тыюу салынып жатабы?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
SUPER.KG видео
10.09.2016. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+38
Таарыхый тасмада бул,руксат берип койо бербейби,орустар оздору деле тартып жатышпайбы 1941жылдагы согушту,Монголдор чагылрдыдыго Чингизханды неси бар бул тарыхты чагылдырган,
SUPER.KG видео
10.09.2016. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Күтөбүз канчалаган мээнет кетти буга. Баары көрүнүп турат Мухтар ага өркүндөп өсүң. Элибиз сиз менен, каап үркүндүн 100 жылдыгына белек болгон экен. Эмне мамлекет көз салбайт буга. Сабыр этиң чогу жеңебиз.
SUPER.KG видео
10.09.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Азаматсыз! Уруксат берип, кинонузду коробуз деп умут кылалы. Ишинизге ийгилик!!!
SUPER.KG видео
10.09.2016. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Капа болбон уруксат берээр
Негизи тарыхты эч ким жокко чыгара албайт да уруксатын беришсин. Бул тасма тарыхты тартты го
Медиа-портал
10.09.2016. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Уруксат бергиле Эй киминер болсонорда королу биз деле!
26.09.2016. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Андай кошоматчыларды ХХХ ХХХ ХХХ.Орусту мактап канча жыл журдук.Же орустар билбеди аларга чан жугузбай мактаган биздикилерди
Модератор admin_portal түзөттү 2016-09-26 15:11:39
26.09.2016. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Urmat_83, провокациялык билдирүүлөргө тыюу салынат!
26.09.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Орустар, Кыргыздарды кыйнап тарткан кинолорун мактанып чыгарышат, биздикилер тарыхта болгон окуяны чыгарайын десе кошоматчылар бут тосуп атса, алардын өзүнө бут тосуш керек.
26.09.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар ушунчалык адамдык сапаттан кетип калганбы? Болуп откон тарыхты тастыктай албаса, "Ооба-бул элибиздин башынан откон тарых" деп айта албаса, кантип балдар учун жаркын келечекти куруп бере алышат.
26.09.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Үрүкүн тууралуу тасма тартылганы жакшы болуптур.тарыхты кийинки муундар билүүсү зарыл...Бирок мындай учурда кыргыздын рухун! Духун! көтөрүп Манас тууралуу да тасма тартсанар жакшы болмок.бир жеңден кол чыгарып...
26.09.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кабар экен.Абдан суйундум.Тарыхый тасмаларды кобойтуш керек.Мен ар дайым колдойм!Тарыхы жок Эл болбойт,сыймыктана турган,сабак ала турган,кыргызды жок кылбай сактап келген баатыр Ата бабаларыбызды билишибиз,унутпашыбыз,данташыбыз,башка элдерге улгу кылып корсотушубуз керек!Алга кыргыз элим!Биз баарын женебиз буйруса!!!Мен Кыргыз Элин,Кыргыз мекеними суйоооом!!!
26.09.2016. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарыхы болбой эл болбойт, откон тарыхты чагылдырган тасмаларга бут тосуунун ордуна бюджеттен акча болдуруп беруу зарыл!
27.09.2016. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корсотот деп кутуп жатса,кеп башкада турбайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: