super.kg logo

Көзү азиздер жана дүлөйлөр кайрадан митингге чыгышты (фоторепортаж)

 

Көзү азиздер жана дүлөйлөр кайрадан митингге чыгышты. Алар таңкы саат 07:00дөн баштап Ак үйдүн алдына чогулуп, Азиздер жана дүлөйлөр коомундагы мыйзамсыз аракеттерди жөнгө салуу боюнча, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевди мандатын тапшырсын, Азиздер жана дүлөйлөр коомундагы иштерге аралашпасын деген талаптарды да коюшкан.

"Дастан Бекешев майыптардын укугун коргойм деп КСДП аркылуу депутаттык мандат алып, эми минтип кызматка жеткенден кийин майыптарга каршы иш жасап жатат. Ал Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасын шайлоого аралашып, өзүнүн жакын досу Марат Ташбаевди СССР убагындагы шайлоо ыкмасы менен төрагалыкка алып келди. Шайлоого 50-60ка жакын эле адам катышты. Биз буга каршыбыз", - деп билдирди Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү Искендер Султаналиев.

Маалыматка ылайык, азиздер жана дүлөйлөр Жогорку Кеңештеги 6 фракциянын башчыларына кат аркылуу кайрылуу жиберишкен. Митинггдин катышуучуларына депутат Дастан Бекешев өзү чыгып жолугуп, шайлоо мыйзамдын жолу менен өткөн деген жообун берген.

Эске салсак, 2-сентябрда Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагалыгына Марат Ташбаев шайланган. Белгилүү болгондой, өлкө боюнча Азиздер жана дүлөйлөр коомуна 10 миңден ашуун адам мүчө болуп катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
26.09.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сабыр кылыныздар баары жакшы болот. Шүгүрда кылыныздар ырыскыны кудай берет Дастан эмес. Бирок митинг сиздер кылчу иш эмес, бул сиздерди пайдаланып жаткан бузукулардын иши.
26.09.2016. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Митинг менен кыргызстан которулуп кеткенде давно которулуп кетмекбиз. Митинг боюнча дуйнодо биринчи орунда болсок керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: