super.kg logo

Ишкер: "УКМКнын Кызыл-Кыя шаарындагы кызматкери мага ар кимди жөнөтүп, кысым көрсөтүүдө"

 
УКМК кызматкери Замир Жолболдуев
Ишкер Зарылбек Мааткалыков
Ишкер Зарылбек Мааткалыков
Ишкер Зарылбек Мааткалыков

"УКМКнын Кызыл-Кыя шаарындагы кызматкери тарабынан сабалды" делген ишкер Зарылбек Маткалыков SUPER.KG порталына кайрылып, окуя тууралуу айтып берди.

Зарылбек Маткалыковдун айтымында, окуя 24-сентябрдан 25-сентябрга караган түнү Ноокат районунун аймагынан Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылына кире бериш жерде болгон. Анда УКМКнын Кызыл-Кыя шаарындагы кызматкери Замир Жолболдуев балдары менен ур-токмокко алган.

Окуя болордон 2-3 күн мурун иш бөлмөмө белгисиз адамдар келишип, Замир аттуу киши менен телефон аркылуу сүйлөштүрүшкөн. Анда ал “ишкер экенсиң, биздин алдыбыздан өтүп койбойсуңбу” деген. Мен анын сунушуна макул болгон эмесмин. Окуя болгон күнү келинчегимди тойго алып барып, кайра келе жатканбыз. Караван айылына 500 метр жетпей артыбыздан белгисиз унаа кысып, күйүүчү май куюучу жерден токтоого аргасыз болдук. Ал жерде эч ким жок экен. Анан унаадан белгисиз 3 адам түшүп, мени ур-токмокко алышты”, - дейт Зарылбек Маткалыков.

Андан соң Зарылбек Маткалыков келинчеги менен бирге ооруканага барган. Артынан Замир Жолболдуев кечирим суроо үчүн келген. Анын мас абалда экенин текшерүү учурунда качып кетүүгө аракет кылган, аны милиция кызматкерлери кармап калышкан.

Ошол жерден аны убактылуу кармоочу жайга алып кетишкен, бирок анын бир аздан кийин эле эркиндикке чыгарылганын уктум. Учурда ооруканадамын, мага ар кимди жөнөтүп, кысым көрсөтүүдө. Укук коргоо органдарынан адилеттүү териштирүүнү талап кылат элем. Ошондой эле унаанын ичинде 156 миң сом бар болчу. Аны да уурдап кетишиптир”, - дейт Маткалыков.

Бул окуя боюнча УКМКнын басма сөз кызматы “Кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Мындан улам Замир Жолболдуев убактылуу кызматынан алынды” деп билдирүү таратты.

Ал эми Ички иштер министрлиги “Эки тарап тең милицияга арыз жазды. Учурда топтолгон материалдар Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Териштирүү иштери жүрүп жатат” деп билдирди.

Айта кетсек, Кызыл-Кыяда жеке ишкерди УКМКнын кызматкерлери ур-токмокко алышканы тууралуу маалыматты окурман 25-сентябрда "ЭЛДИК КАБАРга" жөнөткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
26.09.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Супер инфо бул окуяны акырына чейин бизге ммалымат жеткирип турушунуздарды суранабыз.Жеке ишкерлерге бийликтин адамдары тарабынан кысым корсотулуусу токтош керек.Баарына сабак болсун.
26.09.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
баары все ясно болуп турат го.УКМК 500 % куноолуу.
26.09.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уурулар го эгер уурдап алса, УКМК эмей эле, кудай сактасын боодо кырсыктан, жалган жалаадан!
26.09.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Arslan12,, азыр биздин Кыргызстанда УКМК,нын чечилиши Уурулук Кыргызстандын Менттеринин Колунда, болуп чечилет))
26.09.2016. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындай окуя коп эле болот. Кызматтык адам катышып жатабы демек бул ишти аскер прокуратурасы иликтеш керек.
26.09.2016. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аскер прокуратурасыбы башкасы иликтейби баарынын ою бир, адилеттулук жок озу, ошого жанын ачыйт, ишкерди колдобой кайра УКМКсы тоноп атса, черный сороюу тоноп атса, кана анда бизде ишкердуулук, мыйзамдуулук!!!!
26.09.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Максаты анык эле корунуп туратко 156мин акчам бар эле деп акчалары ондуруп алайын деп жатат. Атайын уюштурулганда бул
26.09.2016. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмне жеке ишкерлер ошентип акча өндүрчү беле?! Наоборот пара корлордун максаты акча алуу болуп жатпайбы.
26.09.2016. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Тааныгандар айтып жатат ишкер кооп кеткен деп мумкун подставадыр биз орган адамдарын куноолойбуз ишибиз чыкса чуркайбыз.Силердин деле байкенер органда иштегендер болсо керек эмне байкенердин жаман жактарын байкайсынарбы?
26.09.2016. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alixan-Nookat.2015,сенин Байкен окшойт чамасы.. Алар Элди кантип тоношун сага айтып турмак беле..
26.09.2016. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
abusait,Мен тааныбайм ал ГКНБ кызматкерди жакшы эле тааныш балдар айтты ал андайга барбайт подстава болушу мумкун деп.Эгер акча алгысы келсе аны жеке ишкерди ГКНБ тарабынан жарга такаш оной эле болуш керек ошондо ишкер озу акча берсе керек бутуролу деп.
Alixan-Nookat.2015 түзөттү 2016-09-26 21:08:05
26.09.2016. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alixan-Nookat.2015,гопту деп элэ уруп согуп тонойбергидей болбойт да.закон баары учун бирдей болуш керек.
Kanatbek81 түзөттү 2016-09-26 23:11:57
26.09.2016. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ адамзат,пендеден коркбой кудайдан корколу,ар бир кылган ишибиз учун жооп бергенди унутбайлы.
26.09.2016. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жанды кашайткандар,дагы уялбай встречный арыз жазышканын,козелдор.
27.09.2016. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ментерди камаш керек
27.09.2016. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алдын ала чечим чыгарыш кыйын.Бул жеке ишкер дагын жакын чиновник туугандары аркылуу бизнесин жургузуп атат.Аялын сабады дейт кана суроту,баштап 50мин сом анан 150 мин сом акчам жоголду дейт. Эн негизгиси чыр чыккан жерге СОБРдын зааматта жетип келгенин кантип тушунсо б-т бул алдын ала пландалган подстава.Азыр копчулук Массалык Маалыматтар Каражаты бир тараптуу маалымат берип жатат мен ойлойм следствие разбереться.Кстати пистолет тоже оказываеться предпринимателя.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: