super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Элдин руханий байлыктары сакталып келе жатканы Гүлнур Сатылганованын "Нандын жыты" ырынын клибинде көрсөтүлөт" дейт режиссёр

 

Нандын жыты, улуулугу жана ыйыктыгы Гүлнур Сатылганованын "Нандын жыты" ырынын клибинде көрсөтүлөт. Ырдын сөзүн Муса Жангазиев жазган. Режиссёр Эрнест Абдыжапаров клип тууралуу буларга токтолду:

"Мен 2011-жылы концерт бере турган болуп калдым. Ошондо Гүлнур "сиздин концертиңизге ырларыңыздан ырдап чыгайын" деп, музыкасы мага таандык "Нандын жыты" ырын тандап алды. Алгачкы жолу ошол жылдагы концертте ырдап чыкты. Чыгарма популярдуу болгондон кийин клип тартууну сунуштады. Алгач дандын эгилип баштаганын, орулуп-жыйналып жатканын, кыскасы, нандын бышып дасторконго коюлганга чейинки процессин тартууну ойлогонбуз. Бирок кээ бир маселелер чечилбей, клип тартуу кечигип кетти. Андыктан ырда айтылгандай нан болгондуктан элдин нугу тынбаганын, руханий байлыктар: "Манасыбыз", комузубуз, боз үй сакталып келе жатканын көрсөтүүнү чечтик. Нан болбосо кыйын кезеңдерде кыргыз эли тукум курут болуп кетиши мүмкүн эле. Ар бир нанды сыйлаган кыргыз аттап да, тебелеп да кете албайт, ыргытып жибербейт. Жөнөкөй курсак тойгузуп коюу эле эмес, 9 токоч жасап, жыт чыгарып ата-тегибизди сыйлоо да нан менен байланыштуу болот".

Гүлнур Сатылганованын "Нандын жыты" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
26.09.2016. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тандырга жабылган нанды койсо сонун болмок, болко нанды коюшканго
27.09.2016. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kassir1992,туура айтасыз тандыр нанын койсо болмок клипке.жакшы чыкмак беле
26.09.2016. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага ушул ыр абдан жагат.Клипке да соз жок, маанилуу тартылган.
aidana96 түзөттү 2016-09-26 20:09:07
26.09.2016. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо сиздерден сураныч?) Айчурок Иманалиева эжекебиз менен Гулнур Сатылганованын ырлары САХНА деген кимиси биринчи аткарган? Сураныч инстаграммда уруш талаш кобойтуп жатат ,билип бериниздерчи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: